БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Сокулук районунда суу жээгинен табылып, эч кимди эстей албай жаткан Айгерим аттуу кыз эсин жоготкондой түр көрсөтүп койгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Чүй ОИИБ маалымат кызматынын ага тескөөчүсү Нурбек Токтосунов билдирди.
2016-жылдын 19-декабрында Сокулук районунда 22 жаштагы кыз жоголуп, аны милиция кызматкерлери 22-декабрь күнү табышкан.
"Кызды суунун жээгинен тапканбыз. Бир жак бутун үшүк алып кетиптир, дароо ооруканага жеткирилген. Ал жактан кыз эсин жоготуп койгонун, атынан башка эч кимди эстей албай жатканын айткан. Өзүн бизге Айгерим деп тааныштырган", — деди Токтосунов.
Ооруканада жаткан Айгерим таежеси бар экенин айтып, дарегин берген.
Ал Нурпери учурда ооруканада дарыланып жатканын айтып, ата-энеси менен байланыша албай жатышканын кошумчалады.