БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Ош шаарындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасы күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана Аи-80 үлгүсүндөгү бензин үчүн 29 миллион 016 миң 025 сом сарптоого даяр.
Тендер 2-январда жарыяланып, мөөнөтү 24-январда аяктайт.