00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Паралимпиадачылар байгесинин бир бөлүгүн ракка чалдыккан балдарга которушту

© Фото / пресс-служба ГАМФКиССпортсмены Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев, Арстанбек Базаркулов и состав делегации из КР на Паралимпийских играх
Спортсмены Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев, Арстанбек Базаркулов и состав делегации из КР на Паралимпийских играх - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар 200 миң сом беришти. Бул каражатка дарыгерлер химиотерапия жана сөөктүн чучугун алмаштыруучу жабдуу сатып алышат.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандын пара-пауэрлифтинг боюнча курамасы рак оорусуна чалдыккан балдарга 200 миң сом бөлдү.

Спортчулар Эсен Калиев менен Жыргалбек Орозбаев Рио-де-Жанейродо (Бразилия) 7-18-сентябрь күндөрү өткөн Паралимпиада оюндарында бешинчи жана алтынчы орундарга ээ болушкан. Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө жетишкен ийгиликтери үчүн ыйгарылган байге акчанын эсебинен которулду.

© Фото / пресс-служба ГАМФКиССпортчу Эсен Калиев
Спортчу Эсен Калиев - Sputnik Кыргызстан
1/2
Спортчу Эсен Калиев
© пресс-служба ГАМФКиССпортчу Жыргалбек Оросбаев
Спортчу Жыргалбек Оросбаев - Sputnik Кыргызстан
2/2
Спортчу Жыргалбек Оросбаев
1/2
Спортчу Эсен Калиев
2/2
Спортчу Жыргалбек Оросбаев

Башкы машыктыруучу Аднан Жабраилов белгилегендей, спортчулар акчалуу байгеге ээ болгондон кийин кимге жардам берсек деп ойлонушкан.

"Биз онкология борборунун балдар бөлүмүндө каражат, жабдыктар, бейтаптар үчүн дары-дармектер жетишпей жатканын билдик. Ошондон улам аларга жардам берүүнү туура көрдүк", — деди Жабраилов.

Каражат тапшыруу аземи шаршемби күнү өттү. Спортчулар дарыгерлерге 200 миң сомдук сертификатты тапшырышты. Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнара Жунушалиева маалымдагандай, каражат химиотерапия жана сөөктүн чучугун алмаштырган жабдуу үчүн жумшалат.

"Биз ойлонуп көрүп, каражатты жабдуу алууга жумшоону чечтик. Азырынча дары-дармектер жетиштүү. Президент бир жылдын ичинде дары-дармек жагынан жардам берди. Бул каражаттын үстүнө дагы демөөрчүлөрдүн акчасын кошуп январда жабдуу сатып алабыз", — деди Жунушалиева.

Рабочий подметает площадь перед открытием летних паралимпийских игр 2016 на пляже Копакабана в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Паралимпиада оюндары: ооруну жеңген майыптар
Эскерте кетсек, спортчу Эсен Калиев 54 килограмм салмактык категорияда чыгып, экинчи аракетинде 154 килограммдык штанганы көтөргөн. Жыйынтыгында кыргызстандык спортчу бешинчи орунду ээлеп, 1 миллион сом байге алган.

Ал эми Жыргалбек Орозбаев 107 киллограмм салмакка чейинки категорияда Кыргызстандын намысын коргогон. Ал биринчи аракетинде 203 килограммды көтөрүп, алтынчы оруну үчүн 900 миң сом менен сыйланган.

Машыктыруучулары Аднан жана Аслан Джабраиловдор бул сумманын 25 пайызын алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0