Оюндарга 176 өлкөнүн 4350 майып спортчусу катышып, спорттун 22 түрү боюнча медалдын 528 комплектиси үчүн мөрөй талашат. Кыргызстандын намысын Эсен Калиев, Жыргалбек Оросбаев жана Арстанбек Базаркулов коргойт. Паралимиадалык оюндар, анын өзгөчөлүктөрү жана каармандары тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов айтып берет.
Паралимпиада — германиялык дарыгер Людвиг Гуттмандын идеясы
Паралимпиада аталышы англичандардын "parapledgia" деген сөзүнөн келип чыккан. Кыргызча котормосу "кол-буттун шалдыгы, майыптык" дегенди билдирет. Бул мелдештерге алгач омуртка оорусунан жабыркагандар катыша баштаса, кийин башка оорулардын айынан да майыптыкка чалдыккандар катышууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Паралимпиада оюндары алгач 1948-жылы Лондон шаарында өткөрүлгөн.
Гуттман арабада отурган кишилер ортосунда мелдештерди уюштуруу демилгесин көтөрүп, көп мээнет сарптаган. Майыптар арасындагы алгачкы спорттук мелдеш 1948-жылы өтүп, ага ар кайсыл госпиталь, ооруканалардагы кары-картаңдар, согуш ардагерлери жана майыптар катышкан. Алгач майыптардын ортосунда баскетбол, найза ыргытуу боюнча таймаштарды өткөргөн. Ошондон тарта мелдеш жыл сайын өтө баштап, ал Stoke Mandeville Games деп аталып, кийин өзүнчө эл аралык майыптар мелдештерин уюштуруучу уюм катары таанылган.
Людвиг Гутманндын ыкмасынын өзгөчөлүгү анын бейтаптарына жасаган мамилесинде болгон. Психолоиялык жактан чүнчүп, санаага алдырбай, алар дагы спорттук ийгиликтерге жетип, ал түгүл рекорддорду жарата аларына ишендирген.
1960-жылы Stoke Mandeville Games мелдештери Рим шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндары менен удаа өткөрүлгөн. Буга чейин мындай мелдештер 9 ирет өткөрүлсө дагы иш жүзүндө бул алгачкы Паралимпиадалык оюн болуп калат да, ага 23 өлкөдөн 400 майып спортчу катышат.
1964-жылы майып спортчулардын Эл аралык спорттук уюму түзүлүп, алгач ага 16 өлкө мүчө болуп кирген. 1964-жылы Токио шаарына паралимпиадалык оюндары расмий түрдө өткөрүлүп, оюндардын эн белгиси пайда болгон. Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими менен ушул оюндар расмий түрдө биринчи жолку Паралимпиада оюндары деп таанылган.
1976-жылдан тарта кышкы жана жайкы оюндары өтүп келе жатат.
Паралимпиада оюндарга катышып, ийгиликтерге жетүү менен майыптар башка кишилердин боор ооруу, кейүү, алсыз көрүү сезимдерин жокко чыгарып келишет.
Легендага айланган майып спортчулар
1976-жылы Канаданын Торонто шаарында өткөн оюндардын каарманы үч жашында бир бутунан айрылган канадалык 18 жашар Арни Больд бийиктикке секирүү боюнча 186 сантиметр чекти багындырып, дүйнөлүк рекорд койгон. 1980-жылы аралыкты 196 сантиметрге жеткирип, рекордун жаңылаган.
2000-жылы Австралиянын Сидней шаарында өткөн кезектеги Параламиадалык оюндарда жергиликтүү австралиялык сууда сүзүүчү Сиобхан Пейтон — акыл-эсинин өсүшү жагынан өзү теңдүүлөрдөн артта калган майып спортчу делген менен дүйнөлүк рекорддорду жаратып, 6 ирет алтын медаль тагынган.
2004-жылы Грекиянын Афины шаарында өткөн Паралимпиадалык оюндарда көзү азиз америкалык Триша Зорн 40 жашка чыкса дагы өзүнүн 55-медалын утуп алган. Ал оюндарга 6 ирет катышып, 9 ирет дүйнөлүк рекорд койгон.
2008-жылы Пекинде өткөн оюндарда буту протезделген африкалык жөө күлүк Оскар Писториус үч ирет чемпион болуп, каармандык көрсөткөн. Ал ымыркай кезинде тубаса ооруга чалдыгып, эки буту баспай калган. Бул майып спортчуну күйөрмандар алты саны амандар менен бир сапта Лондон Олимпиадасына да катышканын көрө алышты.
Кыргызстандын паралимпиадачылары
Кыргызстанда 1992-жылы майып спортчулардын федерациясы түзүлгөн. Учурда Паралимпиада федерациясы майыптар спортунун оор атлетика, теннис, сууга сүзүү, жеңил атлетика, дзюдо, жаа атуу, көзү азиздер үчүн кол топ оюну, топ ойноо боюнча алына жараша иш жүргүзүп келет. Быйыл КРдин Паралимпиада комитетинын президентигине А. Нышанов шайланды.
Кыргызстандын майып спортчулары 1996-жылдан бери Атланта, Сидней, Афина, Пекин жана Лондон шаарларында өткөрүлгөн паралимпиадалык оюндарга пауэрлифтинг боюнча гана катышкан.
Лондон Олимпиадасына Кыргызстандан спорттун эл аралык чебер Эсен Калиев жалгыз барып, 10-орунга илинген.
Эми кезектеги Рио оюндарында Кыргызстандын намысын Эсен Калиев, Жыргалбек Оросбаев (пауэрлифтинг) жана Арстанбек Базаркулов (жеңил атлетика) коргогону аттанып кетишти.
Алдыда Рио паралимпиадалык сыноолору турат
Бул ирет кезектеги 15-Паралимпиадалык оюндар Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 7-сентябрдан 18-сентябрга чейин өткөнү турат. Ага 176 өлкөнүн 4350 майып спортчусу катышып, спорттун 22 түрү боюнча мөрөй талашат. Кыргызстандык спортчуларды коштоп КРдин эмгек сиңирген машыктыруучу Аднан Джабраилов, Паралимпиада комитетинин өкүлү Бакыт Исаков, делегациянын жетекчиси Марат Аскарбеков кетишти.