Трамп бизнестен 20-январга чейин кетерин билдирди

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүМатрешки с портретом Дональда Трампа продаются в Москве
Матрешки с портретом Дональда Трампа продаются в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президенти Дональд Трамп президенттик милдетин аткаруу үчүн бизнес тармагындагы бардык иштерин жакындарына өткөрүп берип, мындан ары мамлекеттик иш менен гана алек болорун айтып чыкты.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. АКШнын Президенттигине шайланган Дональд Трамп Twitter баракчасында өзүнүн бизнесин 20-январга чейин жыйыштырарын жазып чыккан. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

"Мыйзам мени бул нерсени кылууга милдеттендирген жок. Мен президенттик ишиме жакшылап көңүл буруу үчүн өзүмдүн компанияларымды 20-январга чейин калтырам. Дон жана Эрик аттуу уулдарым, ошондой эле жетекчиликтин мүчөлөрү бизнесимди жетектейт. Менин президенттик мөөнөтүмдө эч кандай жаңы келишимдер түзүлбөйт", — деп жазган Трамп.

Трамптын инаугурациясы 2017-жылдын 20-январында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0