БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолундагы "Арал" постунда коюлган чектөө алынганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөө саат 9:55те алынган.
"Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек — Ош унаа жолундагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 7-декабрда саат 21-00дө Бишкек — Ош унаа жолунун 128-чакырымында унаа тыгыны пайда болгондуктан "Арал" постуна чектөө коюлган болчу.