БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасы ТЭЦтин жабдыктары менен техникасын оңдоо үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, "Электр станциялары" ачык акционердик коому ТЭЦтеги оңдоо иштерине 14 миллион 662 миң 207 сом сарптоого даяр.
Тендер 28-ноябрда жарыяланып, мөөнөтү 19-декабрда аяктайт.