БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлиги Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги менен чогуу Түркмөнстандын бийлиги менен "Ашхабад — Бишкек — Ашхабад" түз каттамын ачуу жөнүндө документке кол коюшканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Келишимге туруктуу транспорт системасы аттуу глобалдык конференциянын алкагындагы кыргыз түркмөн делегацияларынын жолугушуусунда кол коюлган.
Абулгазиев өз сөзүндө эл аралык автомобиль, темир жолду жана аба каттамын кеңейтүү Кыргызстан үчүн маанилүү экенин айткан.
Жекшемби күнү Ашхабадда БУУнун колдоосу менен туруктуу транспорт системасы боюнча Глобалдык конференция башталды. Кыргызстандын делегациясынын курамында транспорт министри Жамшитбек Калилов, Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков бар.