БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Ош — Бишкек унаа жолуна чектөө киргизилгендигин Sputnik Кыргызстан агентигине ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, "Сосновка" өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу унаалардын жолго чыгуусуна тыюу салынды. Бул кадам аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам жасалууда.
Эске сала кетсек, кечээ күнү Бишкек — Ош унаа жолунун 120-чакырымында май ташуучу унаадан 10 тонна керосин төгүлүп, каттам жабылган. ӨКМ аталган унаа жолу кечинде кайра ачылгандыгын кабарлаган эле.