БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында Эркиндик проспектисинде бак кулаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
"Айдоочулар менен жарандар "Зелентрой" менен "Тазалык" муниципалдык кызматын күтпөстөн жолго кулаган бакты машинасы менен сүйрөтүп жээкке чыгарышты", — деди кабарчы.
Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды автоунааларды кооптуулук жараткан бактардын алдына токтотпоого чакырат.
17-ноябрда жааган кардан улам 99 бак кулаган. Бактыга жараша, олуттуу жаракат алгандар болгон жок.