БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Лев Толстой жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинен №18 автобус менен №8 троллейбус кагышканын окуяга күбө болгон кабарчыбыз жеринен билдирди.
Маалыматка ылайык, троллейбус токтоп турганда автобус артынан келип сүзгөн. Бактыга жараша эч ким оор жаракат алган эмес.
"Мен троллейбустун артында отургам. Автобус катуу келе жатканын көрүп жанымдагы кишини ары түртүп жибергенге жетиштим. Эч ким оор жаракат алган жок. Сынган терезенин айнектери чачырап айрымдарынын бети-колун тилип кетти", — деди окуяга күбө болгон кабарчы.
Натыйжада троллейбустун арткы терезеси, автобустун маңдайкы терезеси күбүлүп калган. Коомдук эки транспорттун ичинде тең жүргүнчүлөр болгон.
Белгилей кетсек 17-ноябрдын түнүндө жааган кардан улам Бишкектин көчөлөрү тайгак болууда.