БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Австралияда илимпоздор улгайып калган адамдар алжыбаш үчүн көбүрөөк компьютердик оюндарда ойноп, тесттерди толтуруп мээни машыктырса жакшы жыйынтык берерин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги American Journal of Psychiatry журналына шилтеме берүү менне билдирди.
"Биздин иликтөө иштерибиз көрсөткөндөй жашы өтүп калган адамдар мээни машыктырса тез алжыбайт. Биз учурда бул жыйынтыктарды клиникалык практикага ашыралы деп турабыз", —деди Австралиянын Сидней университетинин окумуштуусу Ами Лампит.
Улгайган адамдар арасында илимпоздор тарабынан ар түрдүү тажрыйбалар жүргүзүлгөн. Анда жөнөкөй эле "тетрис" оюну ойнотулуп, жыйынтыгында оюн ойногон учурда эске тутуу акырындык менен жоголуп адамдар жандуу ойлоно баштаган.
Илимпоздор мындай тажрыйбаны алжый электе жүргүзүүнү сунушташты.