БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Эртең, шейшемби күнү Кыргызстанда күн сууктай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4, ал эми күндүз 12 градус жылуу болот.
15-ноябрда кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактардын автожолдор тоңголок, тайгак болот.