БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ош облусунда катталган жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.
Ош облусунда эртең мененки саат 08:07 күчү 4.5,5 баллга жеткен жер силкинүү катталган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тактоосунда силкинүүнүн күчү Туз-Бел, Yч-Каптал аймагында 4,5-5 балл, Чайчи айылында 4 балл, Ош шаарында 3-3,5 балл болуп сезилген.