БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. 10-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Кыргызстандын түштүк аймагында жер титирегенин ӨКМ Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайда катталып, Сары-Айгыр тоо кыркаларында болгон. Ал Эркеч-Там айылынан 13 чакырым түштүк чыгышты карай, Нура айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта орун алган.
Кыргызстандагы калктуу конуштар — Нура, Эркеч-Там айылдарында 2,5 балл, Икизяк айылында 2 баллды түзгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана каза болгондор жок.