БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Алия Самидин. Кыргызстандын туристтик объектилери тууралуу китептер Астана шаарында өтүп жаткан Eurasia Book Fair – 2016 эл аралык китеп көргөзмөсүндө коюлду. Бул тууралуу атамекендик басма үйүнүн өкүлү Ольга Кадырова билдирди.
Аталган иш-чарага 30дан ашык мамлекеттен келип катышууда.
Кадырованын айтымында, китеп көргөзмөсүндө Кыргызстанда басылып чыккан 50дөй китеп алынып келген.
"Алардын арасында "Табышмактуу Саймалуу-Таш", "Сырдуу Кыргызстан" туристтик альбому бар. Бул басылмаларда Кыргызстандын кооздугу сүрөттөр менен берилген. Көчмөндөрдүн маданияты тууралуу китепте кыргыздар эле эмес, казактар тууралуу да баяндалат. Ошондой эле Ысык-Көл тууралуу жана кыргыз элинин жомоктору жана эпосу тууралуу китептер дагы бар", — деди Кадырова.
Ал Кыргызстанда басылып чыккан китептер чет жакта басылган китептерден калышпай турганын баса белгиледи. Китеп көргөзмөсү 12-ноябрга чейин уланат.