БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Аванс менен айла жоктон өкмөттүн курамын колдоп берүүнү чечтик. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн жаңы курамы менен таанышып, суроолорун беришти.
Бабанов кыштын келгенин эске алып, анын фракциясы айла жоктон аванс менен колдоп берүүнү чечкенин кошумчалады.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен көпчүлүк депутаттар өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана программасын колдоп берди.