БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарындагы ден соолукту чыңдоо комплексинин ачылыш аземине катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Атамбаев аземде тургундарды жаңы спорт комплексинин ачылышы менен куттуктады.
"Газпром компаниясына чоң рахмат. Анын алкагында өлкө аймагында ушул сыяктуу 16 дене-тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплекстери курулат. Бүгүн ачылып жаткан комплекс ошолордун бири", — деп билдирди Атамбаев.
Сапардын алкагында мамлекет башчы Ош жана Кызыл-Кыя шаарларына курулган спорт комплекстердин ачылышына. Ошондой эле Баткен облусундагы чек ара заставасынын ачылышына күбө болот. Ал эми 10-ноябрь күнү Баткен районундагы мектеп менен атайын дайындалган полктун имаратынын ачылышына катышаары пландалган.