Той болуп, анын эртеси да болду. Кудай жалгап журналисттердин майрамы тынч өтүп, өлкөдө эч кандай кырсык, олуттуу окуя катталган жок. Эми мындан ары ардактуу кесипти улантып, калыс маалыматтарды тарата берели. Мен болсо сиздерге кечээ күнкү маанилүү маалыматтарды сунуштайм.
Алгач спорт тууралуу. "А" дедиңби, демек "б" де, же болбосо Месси тууралуу айткан соң Роналду тууралуу да айтуу керек. "Барсанын" таланттуу оюнчусу Леонель Месси өзүнүн клубу үчүн 500чү голун киргизсе, көпчүлүк кыздардын жүрөгүн куйкалаган Криштиану Роналду "Реал Мадрид" клубунда 2021-жылга чейин калмай болду.
Өткөн аптадагы олуттуу окуялар тууралуу апта ирмемин көрүүнү кааласаңыз бул жактан күтөбүз.
Ал эми жогоруда айтып өткөн басма сөз күнүнө карата медиа айдыңында иштеп жүргөн журналисттерди куттуктап, алар тууралуу мыкты материал жасалды. Нургүл эженин эмгегине көз жүгүртүүнү унутпаңыз.
Журналистика демекчи, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев төртүнчү бийликтин өкүлдөрүн майрамы менен куттуктап, ушактан алыс болууга үндөдү.
Биз майрамдап жүргөнчө кыргызстандык бийчилер Варшавада өткөн WDSF International Open taken place турниринде спорттук бий боюнча төртүнчү орунду ээледи.
Баса, буюрса эртең "Дельфин" бассейни каалгасын ачат.
Бүгүн күн ачык болуп, аба ырайы 14 градуска чейин ысыйт.
Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.82 (сатып алуу) жана 68.94 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 34.50 сомдон сатылууда.
Соңку сөз ордуна: Жаркын маанайда жакшы иштерди жасай бериңиз.
Жакшылык каалап, Исмаил Мамытов.