БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жаштар арасындагы дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты бейшемби күнү Чолпон-Ата шаарында башталат. Бул тууралуу КРдин Дзюдо боюнча федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Биринчилик 3-ноябрдан 5-ноябрга чейин өтүп, 17-19 жаштагы кыз-жигиттер арасында болот.
Федерациядан маалымдагандай, Кыргызстандын бардык аймактарынан жалпысынан 250 спортчу катышуусу күтүлүүдө.
Турнирдин жеңүүчүлөрү дзюдо боюнча Кыргызстандын курамасына кирүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Алар 2017-жылы июль айында боло турган Азия чемпионатына катышат.