БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бүгүн таңкы саат 7.00дөн баштап Бишкек — Ош унаа жолундагы жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-октябрда жолдун 119-120-чакырымын кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүрүп, тазаланган. Ага тийиштүү техника менен 15 жумушчу тартылган.
Мындан улам ири жүк ташуучу унаалар үчүн жол ачык болуп калды.