Ниязов Фарид Абилезимович — өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРуководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов
Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фарид Ниязов 1958-жылы 27-апрелде туулган. Скрябин атындагы айыл чарба институтун "инженер — гидротехник" адистиги боюнча аяктаган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Эмгек жолу:

1980 – 1982 — Скрябин атындагы айыл чарба институтунун геодезия жана графика кафедрасы, ассистент;

1982 – 1983 — Республикалык студенттер отрядынын штабы, ага инженер;

1983 – 1987 — Комсомол уюмдарынын жетекчисинин орун басары, Кыргызстандын БК ВЛКСМ уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

1987 – 1991 — Кыргызстан Компартиясынын Москва райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

1991 – 1993 — "Комсомольская правда" гезитинин Борбордук Азия боюнча кабарчысы, коммерциялык өкүл;

1993 – 1994 — КР ТИМ иш башкармалыгы;

1994 – 1995 — КР биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы, референт;

1995 – 1996 — КР президентинин маалымат кызматынын жетекчиси;

1996 – 1997 — Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү жыйынынын аппарат жетекчиси;

1997 – 1999 — "Акыл" МАКнын башкаруу төрагасы;

1999 – 2001 — КР премьер-министр аппаратынын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси;

2001 – 2004 — "Комсомольская правда" ишканасынын өнүктүрүү долбоорунун директору;

2005 – 2010 — "Коммерсантъ" гезитинин Бишкектеги кабарчысы;

2010-жылдын 24-апрелинен тартып август айына чейин — убактылуу өкмөттүн маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси;

2010-жылдын августунан тартып сентябрга чейин — КР президентинин администрациясынын маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси;

2011-жылдын август айынан тарта октябрга чейин — Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы штабынын жетекчиси;

2011-жылдын декабрынан баштап 2015-жылдын 7-октябрына чейин — КР президентинин кеңешчиси;

2015 — 2017 — КР президентинин аппаратынын жетекчиси, президенттин кеңешчиси, КСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары;

2017-жылдын 1-декабрынан 11-декабрына чейин президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси;

11.12.2017 — 07.03.2018 КР президентинин аппарат жетекчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0