Журналист Айнагүл Сапарбек кызы силикондук өрөөнгө аяк койгон улутташыбыз менен баарлашып, ийгиликке жеткирген жолдогу оош-кыйыштар менен бирге кубанычы, үй-бүлөсү тууралуу сүйлөшкөн.
— Зарема, Кыргызстанда кеңири тараган социалдык тармактын кеңсесинин босогосун ар күнү аттайт экенсиз. Баш баккан сайын кандай сезимдерге кабыласыз?
— Кубанам!!! Күндө таңда жумушка шашам. Facebook ишканасы – өз үйүмдөй. Мен көргөн нерсени досторум, туугандарым, ага-эжелерим да көрсө дейм. Кыргызымдын уул-кыздарына ушундай компанияда иштөө кадыресе эле көрүнүш болуп калса деп тилейм.
— Бул ишке резюме тапшырган маалды сүрөттөсөңүз. Ишендиңиз беле кабыл алынарыңызга?
— Facebook компаниясына чейин Sony Playstation компаниясында иштегем. Аталышы укмуш болгону болбосо, ал жакта солдат, робот сымал иштечүбүз. Компаниянын эрежелерин сактайбыз деп атып эле аткарган ишим илгери жүрбөй, өз маалында келбесем, чый-пыйым чыгып, көп кыжалат болчумун. Ошондуктан, башка иштерди караштырып, резюме жибере баштаган элем. Эс алууда жүргөн маалда Oculus компаниясынан телефон чалышты. Сүйлөшүүгө убагында келе албаганым үчүн башка кишини алышкан. Эки жума өтпөй кайра чалышты. Ошентип, программа текшерүүчү аналитик (Quality аssurance аnalyst) болуп орноштум. Албетте, кубанычыма чек жок эле!..
— Facebook компаниясынын иш шарты өзгөчө деп угабыз. Эмнеси менен айырмаланат?
— Кыргызстанда чоң ишканада иштебеген соң, бир нерсе айтышым кыйын. Ал эми биздин компанияда ар бир адамга өзүнчө көңүл бурулат. Жумуш боюнча өзгөртүү же толуктоо кааласаң, жетекчиң менен сүйлөшүп, ишти каалагандай аткарсаң болот. Компания андай демилгелүү кызматкерлерди аябай колдойт.
— Иш жериңиз туурасында кенен билгибиз келет. Кесиптештер, кеңсе ичиндеги шарттар, соцпакет, айтор, баары кызык…
— Билимди андан ары кеңейтип, кесиптик чеберчиликти арттырууга мүмкүнбү?
— Бекер онлайн-сабактар бар. Программалоо боюнча да курстары акысыз. Бул ишканада өнүгүп-өсүүгө болот. Эч ким эч кандай тоскоол кыла албайт.
— Кеңсеге дүйнө жүзүнөн көрөт элек деп кызыккандар көп баш бакса керек…
— Албетте, аларга ар дайым эшик ачык. Ар кай жактан ар кандай аламдар келет… Бирок, ким келип, ким кетип жатканын билбей да калабыз. Кээде спорт жылдыздары, кино, эстрада жылдыздары да келип калат. Мисалы, иш залыбыздын жанындагы бөлмөдө Селена Гомес жарым сааттай олтурганын байкабаптырбыз. Чыккандан кийин гана билип, сүрөткө түштүк… Бир жолу азиат жүздүү адам менен баш ийкешип өтүп кеткем. Жанында жансакчылары оголе көп болчу. Сураштырсак, Сингапурдун президенти менен учурашыпмын. Мейман болуп келген эки мырза ишибиз туурасында сурап, кадыресе гана баарлашып турганбыз. Соңунда экөөнүн бирөө жанындагысын Улуу Британия ханзаадасы Эндрю, герцог Йоркский деп тааныштырган. Кеңсебизде ушундай инсандар менен кол алышып калабыз.
— Зарема, мындай деңгээлге кантип жеттиңиз? Билимди кайдан алдыңыз? Океан аркасына кантип барып калдыңыз?
— Кичине кезимден эле англис тилине кызыгып, 5 жашымдан окуп баштагам. Англия же Америкада билим алууну кыялданчумун. Тилекке каршы, чоң апам ооруп калып, айылга көчүүгө туура келген. Каракол шаарындагы сүйүктүү Ленин мектебимди аргасыз таштап, айылда окуп калдым. Англис тили мугалимимдин каталарын да тууралап жүрчүмүн, бара-бара унутта калды. Жаштын тилегин берет экен, студент кезде жолдошум менен таанышып, үй-бүлө куруп, Америкада туруп калдык.
— Америкада иш таба алгыдай жаңы кесипти өздөштүрүү кыйынга турган жокпу? Өз кесибиңиз кайсы эле?
— Журналистика боюнча билим алып жаткам, бирок акыркы курсту аяктай албай калдым. Америкага келгени баары башкача болду. Журналистика менен кетейин десем, кайра баарын баштан окуп чыгыш керек эле. Тилден да бир аз кыйналдым. Эмне менен алектенип, кайсы жактан баштарымды билбей турганда жолдошум "Силикондук аймакка келген соң, технологиялык тармактарды караштыр", – деп сунуштады. Үч айлык курстар бар экен бул багытта. Программа текшерүүчү компьютердик курсту аяктадым. Азыр баары оңой болгондой сезилет. Бирок канча деген уйкусуз түндөр, сабакты таптакыр түшүнбөй кыйналган күндөрүм болду.
— Кыргызстанда программисттикке көбүнесе жигиттер кызыгат. Сизди бул чөйрө кандай кабыл алды?
— Угушубузда, Калифорниядагы кыргыздардын башын бириктирген уюмда да активдүү экенсиз. Канча кыргыз бар, катышыңыздар кандай?
— Калифорнияга адеп келгенде кыргыздарды көргүм келип, кайдан издеримди билбедим. Же сайты жок, же уюму жок… Жогоруда айткан курстан бир кыргыз эже менен таанышып калдым. Кыргыздар бул аймакта көп экендигин айтты. Мендей жаңы келген кыргыздарда Калифорния жөнүндө маалымат жок, колдоо жок, абдан кыйналышат. Ошондуктан, Facebook социалдык тармагында "Калифорниядагы кыргызстандыктардын коомчулугу" (Kyrgyz community in California) деген топ ачтым. Бир күн өтпөй жүз киши кошулду, ал эми азыр миңден ашуун мүчөсү бар. Баарлашып, бири-бирибизге жардам берип турабыз. Жылда Нооруз, Эгемендүүлүк күнүндө чогулабыз. Кыргызстанды америкалыктарга тааныштыруу үчүн эки жыл интернационалдык фестивалдарга катыштык. Абдан сонун өттү. Купертино шаарынын мэри келип, Кыргызстан боюнча сурап, кызыгуусун билдирди. Фестивалга кыргыз буюмдарын Калифорниядагы бүт кыргыздар жалпылап топтогон элек биринчи жылы. Буюрса, кийинки жылдары Кыргызстандан боз үй алып келсек деген максатыбыз бар.
— Санфранцисколук кыргыздардын балдарына кыргыз тилинен сабак да уюштурганыңыздан кабардарбыз. Буга суроо-талап күчпү?
— Ноорузга даярданып жатканда ата-энелерине чалып, уул-кыздарынын ырдап беришин сурансам, "кыргызча билбейт" деген жооп алып жаттым. Ошондон улам балдар эне тилин билсин, эл-жери жөнүндө көптү үйрөнсүн деп сабак өтүүнү чечтим. Беш окуучум бар эле, бир кызым башка штатка көчүп кетти. Кетерде кучактап алып аябай ыйлап: "Скайп менен чалып туруңуз", — деп узады. Окуучуларым сабакка ашыгып, ата-энелерин шаштырып атып келишет. Алар менен иштөө — өзүнчө эле чоң бакыт. Эч кандай татаалдыгы жок.
— Тил үйрөтүү боюнча китеп маселесин кантип чечип жатасыздар?
— Бул жактагы кыргыздардан чогултуп жатам. Дагы жакшы, азыр Интернеттин жардамы менен материалдарды топтосок болот. Бирок, "Манас", тарых жана адабият китептери болсо, сонун болот эле…
— Балдардын кызыгуусу кандай?
— Тамга таанып, окуп калышты. Ишемби күнүн чыдамсыздык менен күтүшөт. Быйылкы интернационалдык фестивалда кыргыз бийин бийлешти. Хореограф кызыбыз да дилгирлик менен кыргыз бийин балдарга үйрөттү.
— Кыргызстандагы окуяларга көз салат чыгарсыз…
— Албетте, дайым кабар алып турам. Жакшы саамалыктар болсо, кубанам. Жаман болсо өтө кайгырам. Кыргызстанда болуп жаткан той-аштар өтө эле ысыраптуу. Бир тойго барыш үчүн бир айлык маянасын беришет. Карыз алып той өткөрүшөт. Кээде кантип жан багып жатышат деп таң калам. Эгер Америка да Кыргызстандагыдай тойлосо, эчак эле кедей мамлекеттердин катарына кирмек… Тойго кеткен каражатты балдардын келечеги үчүн сарптасак, алардын бул турмуштан бекем орун алышына кам көргөн болор элек.
— Facebook тармагынын активдүү колдонуучуларына башкы кеңседен кандай тилек, кандай каалоо айтар элеңиз?
Алардын эң чоң катасы – кесипти туура эмес тандаганы. Экинчиден, "кыздын барар жери – күйөө" дегенди кыздар өтө эле эрте түшүнүп, карьералык келечегине балта чабышат. Күйөө табылат, бирок убакыт табылбайт. Андан көрө, адегенде билимге умтулуу зарыл.
Үчүнчүдөн, курактык чек. 25-30 жаштан өтүп калса, Кыргызстанда "И-ий мен карыдым, эми мага окуганга кеч" дешет. Эч качан кеч эмес! Америкада жада калса 60тан өткөндөр да билим алууга чоң окуу жайларына барышат. Эгер ошол системаны бузсак, бизде сыймыктанчу кесипкөйлөр көп болот эле. Ошондойлордон бололу!