Учурда Google компаниясында алдыңкы программист-инженер болуп иштеп жүргөн Акжол Абдухалиевди Sputnik кепке тартып, дүйнөлүк гигант IT компанияларында топтогон тажрыйбалары, келечекке болгон пландары тууралуу кеп учугун улады. Ал Microsoft компаниясында төрт жылга жакын иштесе, Google компаниясына келгенине бир жырам жылдын жүзү болду. Учурда компаниянын жогорку ылдамдыктагы интернет жана сапаттуу санарип берүүлөрдү жайылтуучу Google Fiber бөлүмүндө иштейт.
— Эки гигант компаниянын айырмачылыктарын байкай алдыңызбы?
— Эки компанияда тең эле инженер-програмисттерге болгон мамиле бирдей эле. Ар кимге өз алдынчалык берилген. Ар ким өзүнүн долбоорлорун тандап, жумушка качан келет, качан кетет өзү пландайт. Жумушчуларга түзүлгөн шарт эки компанияда тең бирдей. Ошол эле учурда компаниянын ичиндеги маданиятта айырма бар. Microsoft компаниясында бизнес жаатында жүргөн кишилерге басым жасалат. Кандай иштер жасалышы керектигин дал ушул кишилер анализдеп чыгып сунуштап, эмне жасалышы керектигин айтат. Ошого жараша жыйынтык чыгат. Башкача айтканда кандай программа жазылыш керектигин бизнес жаатында жүргөн кишилер айтып башкарат.
Google компаниясында бир долбоорду баштан аяк инженерлер карап, эмне жасалышы керектигин, кайсы убакка жана кимге жасалышы керектигин инженерлер чечет экен. Эки компаниянын башкы айырмасы долбоорлорду кимге тапшырат, акыркы сөз кимдин колунда деген жагынан айырмаланат экен.
— Биринчи жумушуңуз тууралуу сурагым келип жатат, Microsoft компаниясында канча жыл иштедиңиз? Ал жакта жүргөндө кандай идеялар пайда болду?
— Microsoft компаниясында төрт жылга жакын иштедим. Дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген таланттуу адамдар менен бирге иштеп инженерия боюнча көп нерселерди үйрөндүм. Ошол эле учурда топтогон тажрыйбамдын Кыргызстанга кандай жардамы тиет деп да ойлондум. Ошентип, бизде да таланттуу инженерлерди көбөйтүү керек экен деген ой жаралды. Жакында бир кыргызстандык бала Google компаниясына баарлашууга келгени жатат. Ага мен билген нерселеримди айтып, колуман келишинче жардамды берип атам. Негизи эле Кыргызстанга кереги тийе турган жаңы инженерлерди тарбиялашыбыз керек. Аларды дүйнөлүк ири компанияларга орноштуруп тажрыйба топтоосуна шарт түзсөк жашы болмок. Ошондой эле, китептерди көп окуп, өзүн жакшы өнүктүрүүсү керек.
— Китеп деп калдыңыз, келечекте китеп окуунун актуалдуулугу жоголот деп ойлобойсузбу? Негизи эле китепке болгон мамилеңиз кандай?
— Китепти көп окуйм. Башкаларга да окугула деп кеңеш айтат элем. Интернеттен үйрөнүп, билим алган башка нерсе. Алар китептин ордун алмаштыра албайт. Компьютерде отурганда көз чарчайт. Ал эми китеп окуу көздү сергитет десем да болот.
— Бүгүнкү күнү Google компаниясында башка да кыргыз кыз-жигиттер иштеп жүргөнү маалым. Жолугуп турасыңарбы?
— Google компаниясында чындыгында канча кыргыз бар экенин так билбейм. Европадагы офисте, Австралиядагы офисте бирден кыргыз бар деп угам. Америкада Тилек Мамытовду тааныйм. Андан башка бир кыргыз кыз жана жигит бар. Негизинен беш-алтоо деп айтсам жаңылышпайм. Убакыттын тардыгынан тааныгандарым менен көп чогула албайбыз. Буга чейин бир жолу жолуктук. Буюрса эми бат-баттан чогулуп, пикир алышып турсакпы деген ой бар.
— Албетте, сырттан караган кишиге мындай чоң компанияларга жумушка орношуу оор деп сезилет. Сиздин кайсы сапатыңыздан улам Google тандап алды деп ойлойсуз?
— Ой жүгүртүү демекчи, жакынкы келечекте кайсы кесипке болгон суроо-талап көп болот деп ойлойсуз?
— Албетте мен программа жазуу деп айтат элем. Азыр кайсы гана сектор болбосун бардыгы автоматташтырылып, аларга карата программалар жазылууда. Такси кызматы, медицина жана билим берүү тармагында атайын программалар талап кылынат. Ошон үчүн кийинчерек саясатчы болгон киши деле программа жазууну билиши керек деп ойлойм. Окуп-жазганды билип кат сабаты жоюлган сыяктуу эле, программа жазуу деле кийин сабаттуулуктун бир критерийи болуп калат. Андыктан алдыдагы 20-30 жылдан кийин программа жазуу абдан керектүү кесип болот.
Кимдир бирөө кесибин өзгөртөм десе, программа жазууну тандагыла деп кеңеш берет элем. Себеби, Кыргызстандын сыртында, деги эле дүйнөнүн чар тарабынан жумуш табууга болот. Бирок, бир жаман жери программа жазуу бардык эле адамдын табитине туура келбейт. Ал үчүн математика сыяктуу так илимдерди жакшы көргөн, бир эсепти чыгаруу үчүн он сааттан ашык убакыт коротуп отура берген адамдар үчүн абдан ыңгайлуу кесип. Программа жазуунун бир жакшы жери АКШдагы бир компания үчүн программа жазсаң сөзсүз түрдө сенин АКШда болушуң кажет эмес.
— Сырттан көз салган кишиге жакшы байкалат эмеспи, Кыргызстанда IT технологиясынын өнүгүшүнө эмне тоскоол болуп жатат деп ойлойсуз?
Бирок, Кыргызстанда эң чоң көйгөйлөрдүн бири бул – менчикке болгон сый урматтын башка мамлекеттерге салыштырганда төмөн болушу. Акыркы жылдары өлкөдө болгон окуялардан жеке менчик ээлери абдан зыян тартты. Сырт жактан келе турчу компаниялар ушундан чочулайт.
— Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
— Убактымды азыр өз алдынча долбоордун үстүнөн иштөө менен өткөрүп жатам. Андан сырткары үй-бүлөм менен өткөрөм. Бул жакта үй-бүлөгө көңүл буруш да башкача. Бизде Кыргызстанда балдарды туугандар келип карашып, же шашып бир жакка барсаң кошунаныкына таштап койсоң болот. Бул жакта такыр башка. Балага ата-энеси 24 саат бою көңүл буруп турушу керек. Ошондуктан үй-бүлөгө да көп убакыт бөлөм. Сезим, Назик деген эки кызым бар.