БИШКЕК, 7-окт. —Sputnik. Бишкектин Ахунбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол менен тротуарларды суу каптап кеткенин WhatsApp-канал аркылуу окурман билдирди.
Ал эми шаардын вице-мэри Эркинбек Исаков окуя болгон жерге адистер жөнөп кеткенин, учурда анын себептери аныкталып жатканын белгиледи.
Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.