БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Йемендеги чыр-чатактардан 19 ай ичинде 4 миңден ашуун жай жаран өлүп, 7 миңге жакыны жаракат алган. Бул туурасында БУУнун Адам укуктары боюнча комиссарынын маалымат катчысы Руперт Колвилл билдирди.
"Йеменде жабырлангандардын саны биздин кызматкерлердин эсептеп чыкканы боюнча 2015-жылдын март айынан тарта 30-сентябрдын жумасына чейин 10 963 адамды түзгөн. Алардын арасында өлтүрүлгөн 4 014 адам бар",— деп билдирди ал.
Колвиллдин айтымында, август жана сентябрда Сауд Аравиясы жетектеген коалиция жасаган соккудан Йеменде өлгөн жай жарандарынын саны 279ге жеткен. Андан сырткары, 339 адам жарадар болгон.