БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек ара пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр Кытайда өтө турган билим күнүнө карата жасалууда.
"1-3-октябрь күндөрү "Эркечтам" өткөрүү пункту жабык болуп, 4-октябрь күнү ачылат", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары "Торугарт" өткөрүү пункту да жабык болот.