БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Нарын облусуна бир күндүк жумушчу сапары менен бара турганын өкмөттүн маалымат кызматы.
Жумушчу сапарынын алкагында өкмөт башчы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышат.
Андан соң Ат-Башы районуна барат, анда сүт заводунун ишмердүүлүгү, техникалык тейлөөсү жана айылдык орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышат.