БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин мамлекеттик тил күнү менен куттуктаганын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Өкмөт башчы эне тил ата-бабалардан калган ыйык мурас экенин белгилейт.
"Кыргыз тилин коомубуздагы улуттар аралык ынтымакты чыңдоонун куралы катары кабыл алуубуз зарыл. Кыргыз өкмөтү мамлекеттик тилди толук, кеңири колдонууга жетишүү, аны улуттар аралык карым-катнаштын тилине айлантуу милдетине өзгөчө көңүл буруп жатат", — деп билдирген өкмөт башчы.
Ал белгилегендей кыргыз тили мамлекеттеги бардык улуттар үчүн кыргыз тили жана маданияты ынтымактын, биримдиктин каражаты болуп эсептелет.