БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасын көзөмөл пункттарындагы оңдоо иштеринен улам жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Токмок", "Кең-Булуң", "Ак-Тилек" жана "Чалдыбар" өткөрүү пункттарында курулуш иштери жүрөт. Алгач ремонттон өтө турган "Токмок" жайы 25-сентябрдан тарта жабылат. Анын оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып, иши калыбына келтирилгенден кийин кезек "Кең-Булуң", "Чалдыбар" өткөрүү жайларына келет.
Ал эми "Ак-Тилек" пункту ишин токтотпойт.
Ремонт иштеринин качан аяктары тууралуу кошумча маалымат берилет.