БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Үч жума мурун Чаткал суусуна түшүп кеткен Mitsubishi Delica айдоочусунун сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 6-сентябрь күнү болгон. Ала-Бука — Каныш-Кыя — Жаңы-Базар унаа жолунун 101-чакырымында Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү унаа Кызыл-Бел тилкесиндеги "Чаткал" дарыясына түшүп кеткен. Натыйжада унаанын ичиндеги жүргүнчү өз алдынча сүзүп чыккан. Ал эми айдоочу 36 жаштагы Айбек Бекешов ошондон бери табылбай келген.
Кечээ, 21-сентябрь күнү түштө Бекешовдун сөөгү туугандары тарабынан табылып, жерге берилди.