Чаткал суусуна түшүп кеткен унаанын айдоочусу табылбай жатат

© Sputnik / Алексей Бушкин / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерге куткаруучулар менен жарандын туугандары келип издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Чаткал районундагы "Чаткал" дарыясына түшүп кеткен унаанын айдоочусу каза тапкандыгы тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Билдирмеге караганда кырсык 6-сентябрь күнү саат 6.00 чамасында болгон. 

"Ала-Бука — Каныш-Кыя — Жаңы-Базар унаа жолунун 101-чакырымында Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү унаа Кызыл-Бел тилкесиндеги "Чаткал" дарыясына түшүп кеткен. Натыйжада унаанын ичиндеги 36 жаштагы жаран өз алдынча сүзүп чыккан. Ал эми айдоочусу сууга чөгүп кеткен", — деп айтылат маалыматта. 

Кырсык болгон жерге куткаруучулар менен жарандын туугандары келип издөө иштерин жүргүзүп жатышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0