Жумушка "жөө барган" мэрлер. Декларация

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүВелосипедчен адамдын архивдик сүрөтү
Велосипедчен адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декларацияга ишене турган болсок, жети шаардын мэрлеринин экөөнүн гана унаасы бар. Калганы ишке жөө барып келишет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Мамлекеттик кадр кызматы жети облустагы шаар мэрлеринин 2015-жылга болгон декларациясын жарыялады. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекеттин ири жети шаарынын мэрлеринин тапшырган декларациясын карап жумушка жөө келмек турсун, үй-жайы жоктор дагы бар экенине күбө болду.

Декларация — 2015

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов
Выборы мэра города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун өзүнүн унаасы жок. Бирок жылдык кирешеси бир эмес, эки унаа алууга дарамети жетерин көрсөтүп турат. Тагыраагы, Ибраимов 2015-жылы 765 миң 533 сом айлык акы алса, айыл чарба продукцияларын сатуудан үч миллион сом киреше тапкан. Миллиондорду алып келгендей канча жери бар десеңиз, калаа жетекчиси 118.91 гектар жерге ээлик кылат. Кызыгы — мэрдин баш калкалар өз үйү жок. 

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев
Мэр города Ош Айтмамат Кадырбаев. - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев да унаасы жок калаа башчыларынын катарын толуктайт. Анын жылдык кирешеси 548 миң 640 сомду түзгөн. Унаасы жок болгону менен түтүн булаткан 68 чарчы метрлик батири бар. 

Каракол шаарынын мурдагы мэри Рыскул Калыгулов бир жылда 481 миң 347 сом тапкан. Үйү да, унаасы да жок. 

Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубековдун кирешеси 314 миң 844 сомду түзгөн. 


Ишке унаа менен баргандар

Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалаловдун 1998-жылкы Mercedes-Benz 320 үлгүсүндөгү унаасы бар. Жылдык кирешеси 431 миң 964 сомду түзгөн. 

© Пресс-служба президента КРЖалал-Абад мэри Салайдин Авазов
Мэр Джалал-Абада Салайдина Авазова - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад мэри Салайдин Авазов

Жалал-Абад мэри Салайдин Авазов Lexus-460 үлгүсүндөгү жол тандабаска ээлик кылат. Мындан башка 116 чарчы метрлик батири жана 43 чарчы метрлик үйү бар. Ал эми жылдык кирешеси 400 миң 935 сомду түзгөн. 

Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев Lexus GX-470 унаасы менен жүрөт. Мындан тышкары, 60,1 чарчы метрлик батири, 0,06 гектар жер участогу жана 79,9 чарчы метрлик үйү бар. Ал эми жылдык кирешеси 691 миң 590 сомго жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0