Кечээ күнү жумуштан чыгып, көптөн бери көрүшө элек классташыма жолуктум. Өткөн-кеткенди баарлашып, анан, албетте, саясатты сүйлөштүк. Ансыз күнөө болот да. Ички саясаттан баштап дүйнөлүк саясатка аралаштык. Обамага чейин жетип, Каримовго токтодук. Анан эле кесиптешим Нургүл эже чалып калды, "Президент Атамбаевдин жүрөгү ооруп Түркияда дарыгерлерге көрүнүп жатыптыр, — деп тиешелүү тапшырманы берди. Жаңы эле Каримовду кеп кылган үчүнбү, айтор, коркуп кеттим. Өлкөдө кырдаал жакшы болбой, Конституция, коалиция ызы-чуу болуп жатканда, оюң жаман жакка кетет экен.
Дароо үйгө жетип, кеңири маалымат алган соң көңүлүм жай алды. Анан эле социалдык тармактарга кирсем, Атамбаев Текебаевдин ачуу сындарынан улам калп эле жатып алды деген комментарийлер жүрөт. Таба эмес, тобо кылалы, туугандар. Согушта деле ак көтөргөндөргө чабуул койбойт. Деги эле социалдык тармактын саясатчылары, Facebook академиктери чектен ашып бара жаткандай. Биринен-бири өтүп акылдуу. Ажобуз жаман дейбиз, депутаттар жеп-жутар дейбиз. Бир саамга өзүбүзгө да көз чаптырып коелу. Айылдагы Айбек байкем ууру ток колдонуп жатып, депутаттар уурулугун токтотпой койду деген кеп.
Андан көрө кубанычтуу жаңылыктарды көп окуп, жакшыга жанашалы.
Мисалы, Президент Атамбаев картондо уктаган Исхак Үсоновдун үй-бүлөсүнө турак-жай берүү тапшырмасын берди. Буюрса бир үй-бүлө үйлүү болот.
Ал эми оор атлетчи Иззат Артыковго "Аю" компаниясы тарабынан эки бөлмөлүү үй тапшырылып, кубанычы койнуна батпай турган чагы.
Баса, бүгүн Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн экенин Кыргызгидромет билдирди.:
Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.92 (сатып алуу) жана 68.10 (сатуу) сомду түздү. Акыркы күндөрү доллардын наркы бир калыпта болбой чайпалганы байкалууда.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда.
Соңку сөз ордуна. Биринчи байлык — ден соолук.
Алтын баш аман болсо, алтын аяктан суу ичебиз. Амандык тилеп, Исмаил Мамытов.