Эртең Кыргызстанда кар жаашы күтүлөт

© flickr.com / Kei MuratagawaКол чатырдын архивдик сүрөтү
Кол чатырдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстандын тоолуу аймактарында 20-сентябрда кар жаашы мүмкүн экенин Кыргызгидромет билдирди. 

Жалбырактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ октябрь айына карата аба ырайынын божомолун таратты
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми Бишкек шаарында жаан жаабайт, түндө 14…16 градус жылуу болсо, күндүз 29…31 градуска чейин көтөрүлөт. Ош шаарында дагы жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 14…16 градус жылуу болсо, күндүз 30…32 градуска чейин ысыйт.

Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0