Дүйшөмбү күнү Бишкекте миңдеген кишинин катышуусунда айт намаз өткөрүлдү. Ал эми жекшемби күнү россиялыктар парламенттик шайлоого катышты. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аскер фермасына барып, дан эгиндерин карап чыкса, бул учурда Атлантик-Ситиде "Америка —2017" сулуусу сынагы өткөрүлүп жатты.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгында КМШ өлкө башчыларынын саммити өткөрүлдү. Ал эми Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкектеги Sputnik Кыргызстан агенттигинин жаңы редакциясына конок болуп кетти.
Ишемби күнү Нью-Йоркто жардыруу катталды. Владимир Путин Бишкекте өткөн эки тараптуу жолугушууда Алмазбек Атамбаевди Александр Невскийдин ордени менен сыйлады.

Бишкектин эски аянтында айт намаз өткөрүлүп, ага миңдеген мусулмандар чогулушту

Казандагы Курман айт маалындагы курмандык чалуу. Курман айт — мусулмандардын эң маанилүү майрамдарынын бири. Ал күнү Кудайдын ыраазычылыгы үчүн мал союлат

Ганалык Фатма баласы Хису менен ажылык учурунда. Бул аял Мединадан Меккеге чейин ажылык сапарын аяктоо үчүн жөө басып келген

4/22
© Фото / пресс-служба Генштаба ВС КР
КМШ өлкөлөрүнүн аскерлери Ысык-Көлдө өтүп жаткан "Тынчтык миссиясы — 2016" машыгуулары учурунда Кыргызстандын маданияты жана улуттук ашканасы менен таанышышты.

Эл аралык "Армия — 2016" аскерий техникалык форумдун жабылышындагы пиротехникалык каражаттардын демонстрациясы. Иш-чара Москва облусундагы "Алабино" полигонунда өткөрүлдү.

Түндүк Кореянын мамлекет башчысы Ким Чен Ын №1116 фермасын көрүп келди. Башкы командачы дан эгиндеринин түшүмүн жылмаюу менен карап, сүйүнүп турган чагы

Москвадагы "Мегаспорт" сарайындагы "Алексей Немов жана спорттун легендалары" аттуу шоуга болгон даярдык

Бишкектеги мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы менен КМШ өлкө башчыларынын 25-жыйыны болуп өттү.

Россиянын лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди Александр Невский атындагы орден менен эки тараптуу мамиленин өсүшүнө кошкон салымы үчүн сыйлады

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп менен Хиллари Клинтондун куурчагы

Хунань кытай провинциясында йога менен машыгуу

Америкалык актер Оскар Айзек Торонтодо өткөн эл аралык 41-кинофестивалда Шарлотта Ле Бондун бутуна кол тамгасын калтырды

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкектеги Sputnik Кыргызстан агенттигинин жаңы редакциясына баш бакты. Агенттиктин жетекчиси Елена Череменина конокко редакциянын мультимедиялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди

Нью-Йоркто өткөн мода жумалыгындагы модель

Dallas Cowboys курама тобунун күйөрманы. Dallas Cowboys менен New York Giants футбол курама топтору биринчи жолу Техаста беттешке чыгышты

АКШнын баскетболчулары Дезире Миллер менен Гейл Генг бразилиялык спортчу Вилейде Алмейдеге Риодо өткөн Прамалимпиадалык оюндарда блок коюп жатышат

АКШнын Атлантик-Ситисинде "Америка сулуусу — 2017" сынагы аягына чыкты. 52 катышуучунун арасынан 21 жаштагы Савви Шилдс атыкты. Ал башына таажы тагынуу менен окуу жайга тапшыруу үчүн 50 миң долларлык грант алды

Лондондо өткөн мода жумалыгындагы моделдер. Charlotte Olympia көрсөтмөсү

АКШнын президенти Барак Обама конгресстин ынды кара мүчөлөрүнүн жыйналышында

Кытайдын материктик бөлүгүндө катталган "Меранти" тайфунунун айынан 704 адам жабыркады. Табигый кырсыктан улам 331 миң жаран эвакуацияланды. "Меранти" 1,6 имаратты талкалап, 12 миңден ашыгын жабыркатты

Нью-Йорктогу жардыруу ишемби күнү Манхэттендеги Челси аймагында жаңырды. Анда көптөгөн ресторан, бар жана дүкөндөр жайгашкан. 29 адам жабыркады

18-сентябрда Россияда Мамлекеттик Думага болгон шайлоо өттү. VII чакырылыштагы Мамлекеттик Думага чоң ажырым менен алдыга "Единая Россия" озуп чыкты. Эки бала Берлиндеги Россиянын элчилигинде ачылган шайлоо участкасында сүрөткө тартылышкан.
