ЖМК: Нью-Йорктогу жарылуу боюнча беш киши кармалды

© REUTERS / Rashid Umar Abbasi Нью-Йорктогу жардыруу. Архив
Нью-Йорктогу жардыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылуудан 29 киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Нью-Йорктогу жардыруу боюнча беш киши кармалганын РИА Новости ABCNews телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.  

Шектүү жарандар ФБР менен Нью-Йорктун полициясынын биргелешкен иш-аракеттеринин негизинде колго түшүрүлгөн.

Ишемби күнү кечинде Манхэттен аймагынын батыш тарабында жардыруу болуп, андан 29 киши жаракат алган. Алардын ичинде оор жарадар болгондору да бар. Нью-Жерси штатында дагы бир жардыруу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0