БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестиция, ремонт жана материалдык-техникалык камсыздоо департаменти Баткендеги Сүлүктү шаарында жайгашкан мектеп-интернатын оңдоо иштерин аткарууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда департамент оңдоо иштерине 13 миллион 588 миң 258 сом жумшоого даяр.
Тендер 16-сентябрда жарыяланып, мөөнөтү 7-октябрда аяктайт.