БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Асел Кодуранова Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин төрайымы болуп шайланды.
Анын талапкерлигин 72 депутат колдоого алды.
Белгилей кетсек, Кодуранованын талапкерлигин КСДП фракциясы көрсөткөн. Ал эми "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы Тынчтыкбек Шайназаровдун талапкерлигин алып чыккан. Шайназаровго 46 депутат добуш берип, ал өтпөй калды.
Буга чейин аталган комитетти жетектеп келген Галина Скрипкина ЕАЭБдин судьясы болуп шайлангандыктан мандатын тапшырган.