00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
От первых депутатов до восьмого созыва: как менялся парламент Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
19:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Вода, уголь или уран: на что делает ставку КР в борьбе за энергонезависимостью?
20:08
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстан Минскини Бакиевге чыккан өкүмдү аткарууга чакырды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКурманбек Бакиев. Архив
Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп адамдын канына забын болгон Бакиевдердин учурда Белоруссия аймагында жашап жатышы Минск менен Бишкектин ортосундагы талылуу суроолордун бири болуп келет.

БИШКЕК, 8-сен. – Sputnik. Башкы прокурор Индира Жолдубаева Белоруссиянын бийлигин мурдагы министр Курманбек Бакиевдин өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмдү таанып жана аны аткарууга чакырды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Экс-президент Курманбек Бакиев жана Жаныбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот Бакиевге мунапыс берүүдөн баш тартып, өмүр бою эркинен ажыратууну күчүндө калтырды
Кыргызстандын аскер соту Курманбек Бакиев жана анын бир тууган иниси, мамлекеттик күзөт кызматын башкарып турган Жаныбек Бакиевди сыртынан өмүр бою абакка кескен өкүм чыгарган. 2010-жылдын 7-апрелинде бийликтин жүргүзгөн саясатына макул болбогон карапайым калк "Ала-Тоо" аянтына чыгып, ал кездеги президент Курманбек Бакиевди тактан кулаткан. Ошол күнү бийликтин огунан 80ден ашуун адам каза таап, Бакиев өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кыргызстандын келечеги үчүн көз жумгандардын бир катарларынын сөөгү "Ата-Бейит" комплексине коюлган.

Мындан сырткары, Бакиев дагы эки адамдын өлүмүнө катыштыгы бар деп табылган. Экс-президент менен анын үй-бүлөсүнө, жакындарына эл аралык издөө салынган. 

Маалымат кызматы Башкы прокуратуранын жетекчиси Жолдубаева баштаган делегация Минскиде өтүп жаткан КМШнын башкы прокурорлорунун 26-отурумунун Координациялык кеңешине катышканын белгиледи. 

Отурум учурунда Кыргызстан менен Белоруссиянын башкы прокурорлорунун эки тараптуу жолугушуусу болду.

"Анда эки мамлекеттик укуктук жактан кызматташуусу боюнча сөз болду. Тагыраагы, учурда Белоруссияда жашап жаткан Курманбек Бакиевдин өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмүн жана анын жакындары боюнча соттун чечимдерин таанып жана аны аткаруу туурасындагы маселе талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Көп адамдын канына забын болгон Бакиевдердин учурда Белоруссия аймагында жашап жатышы Минск менен Бишкектин ортосундагы талылуу суроолордун бири болуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0