Кыргызстан менен Казакстандын улакчылары Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда күч сынашып жатат.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык мелдештин биринчи таймында Кыргызстан Казакстанды 7:1 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, көк бөрү турниринде Кытайдын "Ала-Тоо" командасы үчүнчү, Башкыртстандан келген улакчылар төртүнчү орунду алышкан.
Азыр Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү турниринин финалдык беттеши өтүүдө. Кыргызстан менен Казакстандын улакчылары Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда күч сынашып жатат.
Белгилей кетсек, көк бөрү турниринде Кытайдын "Ала-Тоо" командасы үчүнчү, Башкыртстандан келген улакчылар төртүнчү орунду алышкан.
Финалдык бөлүк бүйүр кызыткан учурлар менен башталып, Кыргызстан курамасынын жигиттери билек түрө оюнга киришти. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.