БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Аралыгы 2400 метр болгон ат чабышта биринчи орунду Нарындан келген "Дайген Даймонс" күлүгү ээледи. Ал аталган аралыкты 2 мүнөт 44 секундада басып өтүп биринчи болуп келди. Күлүктү Абаскан Каныбек уулу чапты.
Ал эми экинчи орунду дагы Нарындын күлүгү илип кетти. Аны Мурдан Шамшембаев аттуу чабандес чапты. Үчүнчү орунду Казакстандын күлүгү ээлеп, чабандес Эдил Хусейинов мыктылыгын көрсөттү.
Байгеге 9 күлүк катышып, 2400 метр аралыкка чуркашты.
Эске сала кетсек, кыска аралыкка атчабыш боюнча биринчи орунду Казакстандан келген күлүк алган.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.