БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасы Кытай тараптын демилгеси менен 11-сентябрдан 17-сентябрга дейре жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Кытай тарап өлкөдө "Ай майрамы" жана мусулмандардын "Курман айт" майрамы белгиленгендиктен, "Эркечтам" өткөрүү пунктун 11-сентябрдан баштап 17-сентябрга чейин убактылуу жабууну сунуштаган. Аталган чек ара өткөрүү пункту өз ишин 18-сентябрдан тарта улантат.
Ал эми "Торугарт" өткөрүү пункту транспорт жана жүк ташуучу унаалар үчүн 15-сентябрда убактылуу жабык болот. Өз ишин 16-сентябрда баштап жандантат.