БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын футбол оюнун күйөрмандар бир айдан кийин көрө алышат. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Ливан жолдоштук беттешүүсү өтө турганын Футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, оюн Ливандагы президенттик шайлоого байланыштуу октябрь айына жылдырылган.
Ал эми 6-сентярда Филиппинге каршы оюн болуп өттү. Мында 2:1 эсебинде Филиппин курама командасы кыргызстандыктарды жеңип алды.
Буга чейин 30-июнда Кыргызстан — Казакстан жолдоштук беттешүүсү болгон. Бул оюн 2:0 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен жыйынтыкталган.