БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Москва шаарынан жасалма паспорт менен Бишкекке учуп келген киши кармалганын мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрда "Москва — Бишкек" каттамы боюнча учуп келген жүргүнчүлөрдүн паспортторун текшерүү маалында Кыргызстандын жаранынын паспорту шек туудурган.
"Тыкыр текшерүү маалында 1986-жылы туулган КР жаранынын паспорту жасалма болуп чыккан. Ал Москва шаарынан Бишкекке учуп келген", — деп айтылат маалыматта.
Тийиштүү документтер толтурулган соң ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына өткөрүп берилген.