00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Бишкек задыхается: почему проблема смога остаётся нерешённой
16:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый закон о безопасности еды по правилам ЕАЭС: что теперь обязаны соблюдать производители
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
"Аман" — миграциянын жашоого таасири жана үй-бүлөнүн мааниси
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10:15. Дүйнөнү таң калдырган көчмөндөр

© Sputnik / Табылды КадырбековМаршруттук такси Бишкекте. Архив
Маршруттук такси Бишкекте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаштар. Баарыбыздын ишибизди ийгилик коштосун.

Көчмөндөр ааламы дүйнөнүн көңүлүн бурду. Мынакей, көптөн күткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталып, ал дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду. Ачылыш аземи жогорку деңгээлде өттү. Түз эфирден түрт тилдүү мамлекеттер ага ортоктош болуп, ондон ашык канал Көчмөндөр оюндарынын ачылышын жеринен берип турду. Албетте мындай ири маданий иш-чаранын Кыргызстанда болуп жатышы көпчүлүктү шердентти, баарыбызга канат бүтүп тим эле көкүрөктү керип калдык. Чынында бул иш ошого татыктуу болду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Олимпиаданын альтернативасы болот дегендер да болбой койгон жок. 

Кырчындагы кылкылдаган эл. Көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда уланды. Бул жердин кооздугун эми айтып сөз менен жеткирүү кыйын. Мына ушундай ажайып жерде "Кыргыз айылы" этношаарчасы курулуп, айтыш, салбурун оюндары тартууланды. Анан албетте кыргыздын кыз куумай, жамбы атмай, тыйын эңмей аттуу улуттук оюндары келгендерди кайдыгер калтырган жок

15 килограммдык нан. Көчмөндөр оюну ак төөнүн карды жарылган убакка дал келип, береке төгүлүп турган маал. Кырчындагы "Кыргыз айылы" этно шаарчасында Ош облусунан Базаргүл апа салмагы 15 килограмм болгон чоң патир нандарды жасап келген. Апанын бул эмгегине суктанып, аны жардана карагандардын аягы үзүлгөн жок. Кыргыздын пейилинен, меймандостугунан айланса болот. Береке төгүлүп, өлкөдө тынчтык гана болсун. 

© Sputnik / Исмаил МамытовБазаргүл апа: Көчмөндөр оюндарына нандын 40 түрүн жасап келдим
Культурные мероприятия в рамках ВИК на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Базаргүл апа: Көчмөндөр оюндарына нандын 40 түрүн жасап келдим

Саламат Садыкованын сагынганда жазган каты. Кыргыз эл артисти, III даражадагы "Манас" орденинин ээси жана жөн гана кыргыз элинин сүймөнчүк кызы Саламат Садыкова айылына кат жазды. Ырчы бул катта медер туткан, сыйынган жана аздектеген нерселери эмне экенин толук айткан. Эл кызы буга чейин катып келген сырларын айтып, ырчылыкка болгон узак сапары тууралуу саймедиреди

Кытайга дүйнө лидерлери чогулду. Ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында G20 саммити башталды. Анда дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринин лидерлери чогулду. Алар кызматташтыктын негизинде дүйнөлүк күчтүү экономиканы түзүү маселелерин талкуулашат

Каримовдун мураскери ким болору кызуу талкууда. Өзбекстандын дээрлик отуз жылдан бери алмашпай келе жаткан президенти Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин анын мураскери ким болот деген суроо дүйнө коомчулугун кызыктырып турган маалы. Себеби, Орто Азиядагы көп улуттуу мамлекеттердин бири болгон Өзбекстандын аймактагы орду чоң. Дүйнөлүк эң ири жалпыга маалымдоо каражаттары Каримовдун мураскери ким болот деп кызыгып, өз жоромолдорун жаадырышууда

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.11 (сатып алуу) жана 69.27 (сатуу) сомду түздү. Акыркы күндөрү анын наркы акырындап көтөрүлүп баратканын байкоого болот.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38. 30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Ак төөнүн карды жарылган убак барыбызга кут болсун деп Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0