Чет элдик ЖКМлар Каримовдун мураскери, Орто Азиянын келечеги жөнүндө эмне дейт

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиеев. Архив
Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов кичи мекени Самаркандга коюлду.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Өзбекстанды 30 жылга жакын башкарган Ислам Каримов 2-сентябрда 78 жашында каза болду.

Дүйнө коомчулугу Каримовдун ордуна ким келет, өлкөдөгү жана Орто Азиядагы абал кандай болот деп кызыгып жатышат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги чет элдик Жалпыга маалымдоо каражаттары Каримовдун мураскери тууралуу эмне деп жазып жатканын сунуштайт.

Өзбекстан президенти Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каримовдон кийинки Өзбекстан кандай болот? Коңшу өлкө эксперттеринин пикири
Британиянын The Independent басылмасы бийликке ким келери боюнча маселе тар чөйрөдө, жабыш эшик артында чечилерин жазат. Эгер өлкө башчы тандалбай, бир пикирге келбесе 32 миллион калкы бар мамлекетте туруксуздук болушу мүмкүн деп белгилейт. 

Ал эми The Guardian басылмасы Ислам Каримов Борбор Азиядагы саясый чыңалуудагы жана көп улуттуу мамлекетти таштап кетти деп жазат. Аталган басылма өлкөнүн президенти болуп көп убакыттан бери премьер-министрликти аркалаган Шавкат Мирзиеев келет деп болжолдойт. Аны Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятов дагы колдошу мүмкүн дейт. Ошондой эле вице-премьер-министр Рустам Азимовдун да талапкерлиги каралышы мүмкүндүгүн баса белгилейт.

Американын New York Times басылмасы дагы Ислам Каримовдун мураскери болуп учурдагы премьер-министр Шавкат Мирзиеев келеши мүмкүндүгүн жазат. Анан калса анын Кремлде "жакын санаалаштары" бар экенин да кыстара кеткен. 

Траурная процессия президента Узбекистана Ислама Каримова - Sputnik Кыргызстан
Каримовдун сөөгү салынган кортежди миңдеген ташкенттиктер Самаркандга узатты
Нuffington Рost басылмасы болсо күчтүү мураскер катары премьер-министр Мирзиеев менен вице-премьер Руслан Азимовдун талапкерлигин баалаган. Аталган басылма Өзбекстандын кийинки президентинин тагдырын өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятов менен Каримовдун кичүү кызы Лола Тиллаева-Каримова чечерин белгилейт.

"Дал ушул адамдар акыркы чечимди кабыл алышат", — деп жазат Нuffington Рost басылмасы.

Ошондой эле президент боло турчу киши Батыш, Россия жана Кытай менен болгон тышкы саясатын тең салмактап алып баруусу керектиги жазылат. Андан сырткары Кыргызстан жана Тажикстан менен болгон чек ара жана суу маселелериндеги чыңалган абалды жибитүүсү керектигин баса белгилейт.

Өзбекстандын Конституциясына ылайык, президенттик шайлоо болгонго чейин үч ай өлкө президентинин милдетин Олий Мажлис Санетынын төрагасы (Парламенттин Жогорку палатасы) Нигматулла Юлдашев аткарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0