КЫРЧЫН, 4-сен. — Sputnik. Ушул тапта Кырчын жайлоосунда Көчмөн маданиятын чагылдырган оюн-зоок иш-чаралары өтүп жатканын кабарчыбыз жеринен билдирди.
Анда көчмөн элинин маданияты менен кошо кыргыздардын каада салты чагылдырылууда. Жайлоодо жалпы 288 боз үй болсо, маданий оюн зоок иш-чаралары үчүн өзүнчө айылча түзүлгөн. Анда 50гө чукул боз үйлөр бар.
Учурда кыргыз акындарынын айтышы болуп жатат.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 15.00дө "Көчмөндөр ааламы" фестивалынын расмий ачылышы өтөт.