БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кечээ, 2-сентябрь күнү Өзбекстандын өкмөтү президент Ислам Каримовдун көз жумганын билдирди. Бүгүн өлкөнү чейрек кылымдан ашуун башкарып келген Каримовду акыркы сапарга узатуу тажыясы өтүп, сөөгү кичи мекени Самарканд шаарына коюлат.
Коңшу өлкөлөрдүн саясат таануучулары Өзбекстандын өрчүү жолундагы айрым өзгөрүүлөрдү божомолдоп, ошондой эле аймактын келечеги жөнүндө айтып беришти.
Жаңы доор жана үмүттөр
Тажикстандын улуттук саясатчылар ассоциациясынын төрагасы Абдугани Мамадазимов Борбор Азияда саясатчылардын экинчи муундагы өлкө жетекчилеринин доору башталып жатканын айтат.
"Албетте, Ислам Абдуганиевичтин өлүмү жөнүндө суук кабарды угуу чоң кайгы, бирок убакыт эч кимди аябайт. Өзбекстанда бийликтин алмашуусу тынч өтөт, кыязы, саясий элитанын өз ара макулдашуусу бар көрүнөт. Республиканын кийинки башчысы Шавкат Мирзиеев болушу мүмкүн, ал бийликти колуна алуу менен кырдаалды солгундатууга жол бербейт", — деп эсептейт саясат таануучу.
"Башка кландар саясаттын туу чокусунан орун алууга аракет кылышы ыктымал. Дегинкиси, мындай абалга бийликке биринчи келгендердин ордун ээлеген Борбордук Азия республикаларынын бардык жетекчилери кабылган", — деди Мамадазимов.
Анын пикиринде, экинчи муундагы жетекчилер мурунку лидерлер баштаган жолду улантышат.
"Албетте, Борбор Азиядагы мамлекеттердин бири-бирине жекечеленген мамилелерин эске алганда, саясат айырмаланат. Бирок жаңы лидерлер аймактын бүтүндөй өрчүшүн эске алып, чек ара маселелерине, суу-энергетика тармагындагы кызматташууга жана интеграциялык процесстерге көбүрөөк көңүл бурушат деп ойлойм", — дейт эксперт.
"Араң турган көз" чыгып кетерби?
Коопчулуктарды баалоо тобунун директору, саясат таануу илимдеринин доктору, казакстандык Досым Сатпаев да Борбор Азия лидерлеринин өлкөлөр ортосундагы мамилелерге чоң таасирин белгиледи. Анын пикиринде, Каримовдон кийинки Өзбекстан ага чейинкиден айырмаланып кетпейт.
"Жаңы өзбек лидери Каримов акыркы жылдары бет алган жолдон кайтпайт. Өзбекстан батыш менен Кремлдин ортосунда ийкемдүү жол таап келгени баарына белгилүү. Дал ушундай саясат тышкы оюнчулардан кайсы бир деңгээлде өлкөнүн көз карандысыз болушуна мүмкүндүк берип келген", — деди саясат таануучу.
Казакстан менен мамилелерде айкын чыр-чатактардын жоктугуна карабай, Өзбекстан өнөктөштүк мамилелерди сактагандан башка жакындашууга барган жок деп белгиледи ал.
Саясат таануучу мындай абал Кыргызстан жана Тажикстан менен да түзүлгөн мамилелерде өкүм сүрөрүн белгиледи. Анын айтымында, бул айрыкча чек ара жана суу-энергетика маселелерине тиешелүү.
"Ар кандай пикир келишпестикке жана чыр-чатактарга негиз болчу бардык маселелер чечилиши керек. Өзбекстандын жаңы жетекчилиги бул жагынан активдүүрөөк болот деген үмүттөмүн. Ал эми аймактагы тышкы саясатка байланышкан көйгөйлөр эртели-кеч чыр-чатакка алып келиши ыктымал", — деди эксперт.
Бир кадам да, бир карыш да эмес
Өзбекстан коңшулар менен мамилеге карата көз карашын өзгөртөт дегенге кыргызстандык саясат таануучу Бакыт Бакетаев макул эмес. Ал чек ара маселелери ошол эле жабык бойдон калат деп эсептейт.
"Жаңы лидердин келиши менен Өзбекстандын тышкы саясатында кескин өзгөрүүлөр болуп кетпейт. Ал эбак эле көптөгөн жылдарга алдын ала эсептелген. Россия тарапка бир аз оош-кыйыш болуп кетиши ыктымал, бирок чеги менен", — деп эсептейт Бакетаев.
Ал Өзбекстан жери жагынан бир топ ыңгайлуу жайгашкандыктан чек ара маселеси боюнча чегинбейт деп белгиледи.
Анын пикиринде, Өзбекстанда бийлик тынч жана эч бир чуусуз алмашат, ал эми Ташкентте баары жайма-жай болот.