Документтин долбооруна ылайык, мында коомдук муктаждык үчүн жеке менчик мүлктү мажбур түрдө алып коюуга жол берүү каралган. Буга каршы айрым жашоочулар нааразылык акциясына чыгып, Жогорку Кеңешке петиция даярдады.
Митингчилер депутаттарды аталган мыйзам долбоорду чакыртып алууга жана Жер менен Жарандык кодекстерге өзгөртүү киргизүүгө мораторий киргизүүгө чакырды.